Ааламдагы жападан жалгыз түктүү кыз турмушка чыкты. Сүрөт

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүИнтервью футболиста Ивана Новосельцева и баскетболистки Катерины Кейру
Интервью футболиста Ивана Новосельцева и баскетболистки Катерины Кейру - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын бети-башы, колу-буттары өтө эле түктүү, анысы тез эле өсүп кетет. Орто кылымдан бери мындай ооруга чалдыккан 50гө чукул киши белгилүү.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Мындан сегиз жыл мурда эң түктүү өспүрүм катары Гиннестин рекорддор китебине катталган Супатра Сасупфан турмушка чыкты. Бул туурасында РИА Новости Metro гезитине шилтеме берип кабарлады.

Учурда бийкеч 17 жашта.

​Таиландда жашаган Супатра Сасупфан Абрамс синдрому же гипертрихоз илдетинен жапа чегет. Кыздын бети-башы, колу-буттары өтө эле түктүү, анысы тез эле өсүп кетет. Орто кылымдан бери мындай ооруга чалдыккан 50гө чукул киши белгилүү.

Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер эрте же кеч үйлөнсө эмне болот? Уролог менен турмуштук маек
Кыз социалдык тармактагы баракчасына "кыялындагы сүйүктүүсүнө турмушка чыккандыгын" жазган. Атасы жергиликтүү журналисттерге берген маегинде кызын денесин каптаган түктөн арылтуу үчүн ар кыл айла-амалдарды кылып, түрдүү дарылоодон өткөргөнүн айтып берген. Тилекке каршы, баары майнапсыз болуп, Супатра дайыма кырынып турууга мажбур.

Кыз буга чейин берген маектеринин биринде мектепте аны "түрү суук желмогуз" деп ардантышканын, бирок буга көңүл бурбаганга аракет кылганын айткан.

"Өзүмдү элден башкамын деп деле сезбейм. Мектепте досторум көп. Түктөрүм мени элден оолактатпайт деле", — деп айтып берген кыз.

Анын тааныштары Супатранын ачык жана шайыр экендигин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0