ТИМ: Иранда каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок

© AP Photo / FileМассовые акции протеста в Тегеране
Массовые акции протеста в Тегеране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-декабрдан бери Ирандын ири шаарларында көп эл катышкан социалдык нааразычылык акциялары өтүп жатат

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Ирандагы нааразычылык акцияларында каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Мындай билдирүүнү Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева социалдык тармактарда билбирди. 

"Алдын ала маалыматтарга караганда, Иранда болуп жаткан башаламандыкта каза болгон жана жабыркагандар арасында кыргызстандын жарандары жок", — деп айтылат билдирүүдө. 

Эске салсак, 28-декабрдан бери Ирандын ири шаарларында көп элсоциалдык нааразычылык акциялары өтүп жатат. Кечээ ал жерде эки адам каза болгону айтылган. Бирок бийлик күч органдары ок чыгарбаганын билдиришкен. Ал эми жергиликтүү ЖМКлар каза болгондордун саны төрт адамга жеткенин жазышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0