Камчатка: толуп кеткен эсепчи кош бойлуумун деп эс алууга чыгып кеткен

Жазылуу
Октябрда ай-күнү жетип калды деген "кош бойлуу" дарыгерге келбегендиктен, бейтапканадагылар прокуратурага кайрылган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Камчатка аймагында эсепчи аял кош бойлуумун деген шылтоо менен 263 миң рублдик декрет акчасы алып, эс алууга чыгып кеткен. Бул туурасында РИА Новости аймактын прокуратурасына таянып кабарлады жазды.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индия: кош бойлуу экенин билбеген 10 жаштагы кыз көз жарды
Муниципалдык 31 жаштагы эсепчи июнь айында акушер-гинекологго кош бойлуумун деп кайрылып, бирок, анысы күмөндүү болгондуктан, дарыгер кечирээк келүүсүн айткан. Бирок, "кош бойлуу" аял тиешелүү медициналык кароодон өтүү, анализдерди тапшыруу сыяктуу талаптарды аткарган эмес.

Ашыкча салмак кошкон аял августта дарыгерге келип, ишке чыкпайт деген кагаз алган. Анысын ишине көрсөтүп, декреттик деп каралган 263 миң рубль алып, эс алууга кеткен. Октябрда ай-күнү жетип калды деген "кош бойлуу" дарыгерге келбегендиктен, бейтапканадагылар прокуратурага кайрылган. Көзөмөл органдары барганда аял эшигин ачпай, эч ким менен сүйлөшпөй койгон.

Акыры эсепчинин амалы тартип коргоочуларга белгилүү болуп, алдамчылыгы үчүн 500 миң сом айыпка жыгылган. Андан сырткары, беш жыл мажбурлап иштөө же алты жыл эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мындан сырткары, аял мыйзамсыз алган акчаларын мамлекетке төлөп бермей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0