200 норка шубасын уурдаткан хабаровскилик аял сызга отуруп кала жаздады

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү шубалар. Архив
Дүкөндөгү шубалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ууру жымырып кеткен буюмдарды гаражына катып койгон

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Хабаровск аймагындагы Комсомольск-на-Амуре шаарында ишкер аял үйүнөн 200 шубаны уурдатып жиберген. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Буюмун алдырган учурда аял башка аймакка чыгып кеткен. Полицияга ал 38 миллион рублдик тондорун уурдаткандыгын айтып кайрылган.

Тартип сакчыларынын маалыматына караганда, түн жамынган ууру үйгө салынган кулпунун илмегин араалап кирген.

Колу туткактын изине түшкөн полиция кызматкерлери уурдалган буюмдарды анын гаражынан тапкан.

"Шектүү 38 миллиондук буюмдар менен кармалып, "Уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", — деп билдиришкен полициядан.

Маалыматта 42 жаштагы ууру буга чейин да кылмыш жообуна тартылгандыгы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0