БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. АКШнын коргоо министрлиги Американын армиясында кызмат кылган аскер адамынын жыныс алмаштыруу операциясына кеткен чыгымын биринчи жолу төлөп берет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги NBC телеканалына таянуу менен билдирди.
"Бүгүн аскер кызматын өтөп жаткан адамга жынысын алмаштыруу боюнча операция жасалды. Аскер госпиталдары мындай операцияларды жасоо боюнча хирургиялык тажрыйбасы жок болгондуктан бул операция жеке клиникада жасалды", — деп айтылат маалыматта.
АКШда трансгендерлердин армияда кызмат өтөөсүнө тыюу салууну жоюу чечими Барак Обаманын тушунда кабыл алынган. Бирок анын ишке ашырылуусу 2017-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылган болчу. АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис 1-июлда тыюу салууну жоюу боюнча чечимди дагы алты айга жылдыруу боюнча өкүм кабыл алган. Аталган маселе боюнча чечим 1-январга чейин жылдырылган.
Түрдүү маалыматтар боюнча АКШнын армиясында 1,3 миңден 6 миңге чейин трансгендерлер кызмат өтөйт.