Тибетте дүйнөдөгү эң бийик планетарий курулат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТибет. Архив
Тибет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш иштери аяктагандан кийин ал жерге диаметри бир метрге жеткен оптикалык телескоп коюлмакчы

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Келе жаткан жылда Тибетте дүйнө жүзү боюнча эң бийик планетарий куруу пландалып жатканын Кытайдын борбордук телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Андыктан адистер планетарийдин дизайнын иштеп чыга башташты. Ал эми жергиликтүү бийлик ага учурда иштеп жаткан музей жана технологиялык борборлорду кошуп, коммерциялык эмес комплекс түзүүнү пландап жатат.

"Курулуш иштери аяктагандан кийин ал жерге диаметри бир метрге жеткен оптикалык телескоп коюлат", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта жазылгандай, планетарий географиялык жактан уникалдуу жерде жайгашкандыктан жылдыздарды кароого өзгөчө ыңгайлуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0