"Шакектер шаасы" чыгармасынын негизинде сериал тартуу пландалууда

© AP Photo / Sven KaestnerПросмотр фильма "Властелин колец"
Просмотр фильма Властелин колец - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Шакектер шаасы" үчилтиги — өткөн кылымдагы эң белгилүү фантастикалык чыгармалардын бири. Роман 30дан ашык тилге которулган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жазуучу Толкин Жон Рональд Руэлдин "Шакектер шаасы" үчилтигинин негизинде сериал тартуу боюнча Warner Bros. жана Amazon Studios компаниялары ортосунда сүйлөшүүлөр жүрө баштады. Бул тууралуу Variety басылмасы маалымдады.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш балдардын "Карек" кинофестивалында 75 тасма ат салышат
Сүйлөшүүгө Amazon компаниясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү, миллиардер Жефф Безос катышат. Мындан сырткары, ал жерде жазуучунун мүлкүн башкарган Tolkien Estate компаниясы да болмокчу.

Маалым болгондой азырынча сериалдын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыктан, тасма боюнча келишимдер түзүлө элек.

"Шакектер шаасы" үчилтиги — өткөн кылымдагы эң белгилүү фантаситикалык чыгармалардын бири. Роман 30дан ашык тилге которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0