21:44 12 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.7815
  • RUB1.1048
Ыйлаган аял. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар депрессия менен аракечтиктин психологиялык себебин аташты

© AFP 2019 / FRED DUFOUR
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
748 0 0

Илимпоздор баланы көп уруп-согуу аны жаман жолго алып барат деген жыйынтыкка келген.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Окумуштуулар ата-энеси кичине кезинде көп урган балдар депрессияга жана башка психологиялык ооруларга жакын болушаарын айтышты. Бул тууралуу РИА Новости Science Daily агенттигине таянып жазып чыкты.

Илимпоздор Американын поликлиникаларындагы 8,3 миң бейтапка сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкан адамдардын 55 пайызы кичине кезинде ата-энелери уруп-сокконун жазышкан.

Мындан улам илимпоздор ата-эне, чоңдор тарабынан соккуга кабылган балдар депрессия, өзүн-өзү өлтүрүү, ичкилик жана баңгиликке жакын болот деген жыйынтык чыгарышкан.

Тема боюнча

Окумуштуулар уйку канбаса кандай кесепети болорун айтышты
Жалгыз отуруп тамак ичпе! Окумуштуулардын иликтөөсү
Окумуштуулар аялдын кайсы мүчөсү көбүрөөк кызыктырарын айтышты
Белгилер:
Окумуштуулар, сурамжылоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ