Кит Харингтондун "кесилген" башын көргөн келинчегинин эси ооп кала жаздады

Жазылуу
Актердун жубайы муздаткычты ачып, анда салынган башты көргөндө кыйкырат дагы тизелеп отуруп калат

"Игра престолов" сериалында Жон Сноунун ролун аткарган Кит Харингтон өзүнүн келинчегинин кантип жүрөгүн түшүргөнүн The Jonathan Ross Show ток-шоусунда айтып берди. Бул тууралуу Fox News каналына шилтеме бетип РИА Новости жазды.

Харрингтондун өзүнүн айтымында, анын үй-бүлөсү бири-бирин тамашага салганды аябай жакшы көрөт. Ошол себептүү актер аялынын жүрөгүн түшүрүү үчүн кебетеси өзүнүкүндөй болуп жасалган башты үйүндөгү муздаткычка салып койгон.

​Видеодо көрүнүп тургандай, актердун жубайы муздаткычты ачып, андагы башты көргөндө кыйкырып-өкүрөт дагы тизелеп отуруп калат.

"Роуз ыйлап отурганда мен бөлмөгө кире калып "Биринчи апрелиң менен!" деп кыйкырдым. Көрсө анын үй-бүлөсү мындай майрамдарды майрамдап көрүшпөптүр", — деди Харингтон.

Кит Харингтон "Игра престолов" сериалындагы Жон Сноунун ролунан кийин популярдуулукка жеткен. Мындан тышкары, "Помпеи", "Воспоминания о будущем", "Призраки: Лучшая участь" фильмдерине тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0