БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Индиянын Уттар-Прадеш штатында мурду, кулагы жок төрөлүп, келбети өзгөчөлөнгөн ымыркай болгону эки күн эле жашаган. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты.
Ымыркай жубайлардын экинчи баласы болгон. Баланын мурду, кулагы жок болгону аз келгенсип, көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй болуп бери чыгып калган. Аял баласына эмчек эмизүүгө дааган эмес, сүттү кашыктап оозуна куюшкан. Ымыркайдын тышкы келбети жергиликтүү тургундар арасында кызуу талкуу жараткан. Баланын атасы анын төрөлүшү жана өлүшү кудайдын буйругу менен болгонун айтты.