Германияда парламенттик шайлоо башталды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБерлин накануне парламентских выборов в Германии
Берлин накануне парламентских выборов в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо участкалары 8:00дө (12:00 бшк) эшигин ачып, кечки 18:00дө (22:00 бшк) добуш берүү аяктайт.

БИШКЕК, 24-cен. — Sputnik. Германияда парламенттик шайлоого байланыштуу участкалар кабылгасын ачты, шайлоонун жыйынтыгы менен жаңы өкмөт түзүлүп, канцлер дайындалат. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, шайлоо участкалары 8:00дө (12:00 Бишкек) эшигин ачып, кечки 18:00дө (22:00 Бишкек) добуш берүү аяктайт.

Болжол менен ушул эле убакытта участкалардан чыккан эл сурамжылоого катышат. Көпчүлүк учурда сурамжылоо менен добуш берүүнүн жыйынтыктары дал келип калат.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: шайлоо күнү теракт уюштурмакчы болгондор кармалды
Белгилүү болгондой, шайлоо алдында INSA социологиялык институту атайын иликтөө жүргүзгөн. Анда сурамжылоого катышкан калктын 34 пайызы Германиянын канцлери Ангела Меркель башында турган ХДС/ХСС партиялык союзуна добуш берээрин айтса, Мартин Шульц жетектеген (ГСДП) Социал-демократтар партиясына калктын 21 пайызы добуш берээрин билдирген.

Ал эми оңчул "Германия үчүн альтернатива" партиясы 13 пайыз алып үчүнчү орунга илинсе, солчул партияны калктын 11 пайызы колдой турганы белгилүү болгон. Ошондой эле иликтөө учурунда Эркин демократтар 9 пайыз ал эми "Жашылдар" партиясына элдин 8 пайызы добуш берээри маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0