АКШда Mercedes автоунаасы Tesla борборун сүзүп кетти

© AP Photo / Oded BaliltyMercedes SLK автоунаасы. Архив
Mercedes SLK автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук машинанын айдоочусу оор жаракат алган эмес, бирок автоунаа мыйрыйып калган

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Mercedes SLK үлгүсүндөгү спорттук машина Сан-Франциско шаарындагы Tesla автоборборун барып сүздү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги SFGate басылмасына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдун экинчи тилкесине өтөм деген айдоочу бордюрга чыгып кеткенде эмне кыларын билбей газды баскан. Натыйжада жол четиндеги даракты, почта кутучасын сүзүп, андан кийин Tesla автоборборунун айнек үкөгүнө барып урунган.

Спорттук машинанын айдоочусу оор жаракат алган эмес, бирок машинасы мыйрыйып калган. Ал эми автоборбордун ичиндеги электромашиналардын бири да жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0