Россиянын Судандагы элчисинин сөөгү бассейнден табылды

© AP Photo / UncreditedХартум шаары. Судан. Архив
Хартум шаары. Судан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломаттын эмнеден каза болгону болжолдуу айтылды

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Россиянын Судандагы элчиси Миргаяс Ширинский жүрөгү кармап каза болушу ыктымалдыгын элчиликтин маалымат катчысы Сергей Коняшин билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, Ширинский бассейнге түшүп жатканда учурда көз жумган.

"Азыр эмнеден каза болгону боюнча расмий маалымат жок. Андыктан так корутунду чыгаруу да эрте. Эгер дарыгердин кароосунан кийин алынган маалыматка таянсак элчинин жүрөгүндө маселе бар. Анын мээсине кан таамп, же жүрөгү кармаган болушу мүмкүн", — деди Коняшин.

Судандын полициясы элчи сүзүп жүргөн суудан ууландыруучу зат таппаганын билдирген. Жергиликтүү укук коргоо органдарын элчинин сөөгүн тапкан кызматкер чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0