БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Барселонанын борбордук көчөсүндө кичи автобус жай тургундарды тебелеп кетти. Бул туралуу РИА Новости 24 Horas агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, автоунаа Рамбла районунда жөө адамдар жүрүүчү жолго чыгып элди тебелеп барып күркөнү сүзүп токтогон. Айдоочусу окуя болгон жерден качып кетүүгө жетишкен.
Estampida ahora mismo en El Corte Inglés de Plaza Catalunya en Barcelona pic.twitter.com/72LLRmJjRk
— Jordi Perez Colome (@jordipc) 17 августа 2017 г.
Полиция бул окуяны теракты деп атады.
#URGENTE Una furgoneta atropella a decenas de personas en la Rambla de #Barcelona —https://t.co/RRF4URrQhZ pic.twitter.com/INYtmQHFP3
— Henry A. Pinto (@hapinto2) 17 августа 2017 г.
El Periodico басылмасынын мындан 20дан ашуун адам жаракат алганын билдирген.
WATCH: Video shows scene after vehicle hits crowd of pedestrians on Las Ramblas in Barcelona, Spain: https://t.co/OGo3sOjQBR pic.twitter.com/8WAfTwSz0O
— Good Morning America (@GMA) 17 августа 2017 г.
Ошондой эле бир катар ЖМКлар күбөлөрдүн берген маалыматына таянып ал жерде атышуу да болгонун жазууда. Башка маалыматар боюнча эки куралчан киши шаардагы ресторандардын бирине кирип кеткен. https://twitter.com/AamerAnwar/status/898200980688445441
Tragic: aftermath of terror attack in #Barcelona when terrorist struck pedestrians with car outside kosher restaurant and opened fire after pic.twitter.com/ECgcDmBbF6
— StandWithUs (@StandWithUs) 17 августа 2017 г.
Учурда окуя болгон жерди полиция курчоого алып дүкөн, метролор жабылган. Тез жардам кызматы келип жаракат алгандарга медициналык жардамдарды көрсөтүп жатат.