Пентагон: Түндүк Корея АКШга сокку урса, согуш чыгып кетиши мүмкүн

© REUTERS / Toru HanaiУгрозы Северной Кореи Японии
Угрозы Северной Кореи Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Коргоо министри эгерде Түндүк Корея АКШга ок чыгарса, согуш оту тутанып кетет деген эскертүүсүн айтты

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис эгерде Түндүк Корея АКШны көздөй ракета атса, абал курчуп, тирешүү согушка айланып кетет деген пикирин айтты. Бул туурасында Синьхуа агенттиги жазды.

Мэттистин айтымында, азыр тирешип жаткан тараптын ракетасы Америкага, анын ичинде Гуам аралына багыттала турган болсо, аны көз ачып-жумганча билип, ракетаны жолдон атып түшүрүүгө Пентагондун кубаты жетет.

Встреча президента РФ В. Путина и председателя КНР Си Цзиньпина в Москве - Sputnik Кыргызстан
Си Цзиньпин АКШ менен Түндүк Кореяны абалды курчутуудан алыс болууга чакырды
Түндүк Корея БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларына карабастан, АКШнын кооптуулугунан коргонуу шылтоосу менен өзөктүк ракеталарды сыноону токтотпой келет.

Акыркы аптада Пхеньян менен Вашингтон удаасы менен бири-бирин опузага алган билдирүүлөрдү таратты. Кореянын борбордук телеграф агенттиги түндүк кореялык аскерийлер Тынч океандын батыш аймагындагы Гуам аралындагы АКШ объектилерине ракета багыттоо планын талкуулап жатканын да жазган.

АКШ президенти Трамп аталган өлкө соңку ракетаны учурганда муну ойлонбой жасалган акылсыз жана кооптуу кадам деп айыптап, "Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын АКШнын Гуам аралында бир нерсе кыла турган болсо дүйнө али көрө эле каар менен отко кабылат" деген эле.

Эскерте кетсек, Тынч океандагы Гуам аралында Американын Андерсен аба базасы менен Апра-Харбор деп аталган аскер-деңиз базасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0