Египетте поезддер кагышып, ондогон адам каза тапты

© AFP / ALEXANDRIAСтолкновение поездов в пригороде Александрии в Египте
Столкновение поездов в пригороде Александрии в Египте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеринде куткаруучулар иштеп, жабыркагандардын бардыгы жакын жерлердеги ооруканаларга жеткирилди

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Египеттин түндүгүндө эки поезд кагышып, ондогон адам каза болгонун жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип, ВВС жазды.

Перевернулся бензовоз марки DAF на автотрассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолунда бензовоз оодарылып, 6 тонна күйүүчү май төгүлдү
Маалыматка караганда, Александрия аймагында поезддер сүзүшүп, азырынча 36 адамдын каза болгону жана 123 киши ар кандай жаракаттарды алганы айтылууда. Кырсыктын себеби аныктала элек. 

Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда поезддердин бири Каирден, экинчиси Порт Саид шаарынан келе жаткан.

Жеринде куткаруучулар иштеп, жабыркагандардын бардыгы жакын жерлердеги ооруканаларга жеткирилди. 

Египетте көп адамдын өлүмүнө алып келген поезд кырсыктары тез-тезден кайталанып турат. Мисалы, 2013-жылы Каир шаарынын түштүк тарабында темир жол транспорту чакан автобусту кагып алганда дагы ондогон адамдар каза тапкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0