03:45 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
АКШ президенти Дональд Трамп жана Россиянын башчысы Владимир Путиндин архивдик сүрөтү

Трамп АКШ дипмиссиясындагы иштегендерди азайткан Путинге ыраазылык билдирди

© Sputnik / Михаил Климентьев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
48 0 0

Буга чейин Москва Американын дипмиссиясында эмгектенгендердин санын 455 адамга чейин кыскартууну талап кылган

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Американын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштеген кызматкерлердин санын азайтканы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Трапмтын айтымында, Вашингтон чыгымдарды кыскартуу боюнча иштеп жатат.

"Персоналга кетчү каражатты кыскартууну пландаштырып жатканда, бир топ кишини жумуштан алганы үчүн Путинге алкыш айткым келет", — деди президент.

Буга чейин Москва Американын дипмиссиясында эмгектенгендердин санын 455 адамга чейин кыскартууну талап кылып, АКШнын Серебряный Бор аймагындагы дача менен Дорожная көчөсүндөгү кампаларды пайдалануу укугун алып салган.

Путин кыскарууга 755 америкалык кызматкер дуушар болорун белгилеген. Бул АКШнын россиялык дипмиссияын менчигин тартып алууга жана Москвага карата санкцияларга жооп болду.

Белгилер:
миссия, Владимир Путин, Дональд Трамп

ЭҢ МААНИЛҮҮ