03:47 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Снимок с социальной сети Instagram пользователя gianlucavacchi

Көпчүлүккө бийи менен таанылган миллионердин мүлкү карызы үчүн камакка алынды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
297 0 0

Il Fatto Quotidiano басылмасы миллионердин мүлктөрүнүн камакка алынышы домино эффектисин жаратышы мүмкүн экенин жазышты. Себеби Ваккинин инвестициялык холдингинин жалпы карызы 30 миллион еврону түзөт

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Италиянын BPM банкы миллионер Жанлука Ваккинин мүлкүн камакка алганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

50 жаштагы миллионер Instagram социалдык тармагында чыныгы жылдыз.

Saturday afternoon fever😄 @jogiorgiajo @ricky_martin #gvlifestyle #mordidita #rickymartin

Публикация от Gianluca Vacchi (@gianlucavacchi) Июл 23 2016 в 7:04 PDT

Маалыматка ылайык, Вакки бир канча яхтасынан, виллаларынан жана гольф-клубунун үлүшүнөн кол жууду. Бул кыймылсыз мүлктөр анын 2008-жылы алган 10 миллиондук насыяларынын үстөк пайыздарын жаап турган. Ал андан бери алган насыясынын үстөк пайызын эки жолу 2 миллион евродон төлөгөн.

Il Fatto Quotidiano басылмасы миллионердин мүлктөрүнүн камакка алынышы домино эффектисин жаратышы мүмкүн экенин жазды. Себеби Ваккинин инвестициялык холдингинин жалпы карызы 30 миллион еврону түзөт.

Июнь айынын аягында Жанлука Вакки үч жыл бою мамиле куруп жүргөн Жорджия Габриела менен ажырашкан. Ал өзүнүн интернетте атактуу болушуна Габриеланын да салымы бар. Алардын былтыр яхтада бийлеген бийи интернетте абдан тездик менен жайылган.

Turkey 🇹🇷 here i am…let's enjoy! #gvlifestyle

Публикация от Gianluca Vacchi (@gianlucavacchi) Июн 25 2017 в 12:07 PDT

Италиянын айрым тургундары бул маалыматты уккандан кийин Ваккиге кандай жол менен болсо да акча табуусу керектигин жазып чыгышты. Айрымдары тамаша иретинде "үйүмдү жыйнап берсең акча табасың" деп жазышкан.

Тема боюнча

Кыргызстанда чет элдиктер үчүн "электрондук виза" иштей баштайт
Банкрот болгон нарындык миллионердин баласы: бөтөлкө чогултууга аргасыз болгом
Белгилер:
бий, байлык, интернет, Италия

ЭҢ МААНИЛҮҮ