Дональд Трамп грин-карт лотереясын токтотууну сунуштады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүНью-Йорк накануне выборов президента США
Нью-Йорк накануне выборов президента США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак үй эл арасында грин-карт деп айтылып жүргөн Diversity Visa программасы күмөн санаткан гуманитардык жана экономикалык кызыкчылыктарга кызмат кылып жатат деген пикирде

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп грин-карт деп аталган визалык лотереяны жокко чыгаруу сунушун бергенин Sputnik Белоруссия агенттиги жазып чыкты.

RAISE аттуу мыйзам долбоордо аталган программа күмөн санаткан гуманитардык жана экономикалык кызыкчылыктарга кызмат кылып жатканы белгиленген.

Diversity Visa программасын АКШ 1990-жылдан бери өткөрүп келет. Ал аркылуу жылына дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 55 миң адам тандалып алынат. Алардын кайсы бир деңгээлде билими болуп, англис тилин билүүлөрү керек. Ошондой эле социалдык жөлөк пул алуу тилеги жок экенин далилдөө зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0