Франция: мечиттен чыгып келе жаткандарга белгисиз адамдар ок чыгарды

© REUTERS / REUTERS TV Стрельба около мечети в Авиньоне, Франция
Стрельба около мечети в Авиньоне, Франция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда кеминде сегиз адам жабыркаган, алардын арасында жети жаштагы бала болгон.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Францияда белгисиз адамдар Авиньон аймагындагы мечиттен чыгып келе жаткандарга ок чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости La Provence басылмасына шилтеме берип жазып чыкты.

АКШнын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орландодогу атышууда көп киши каза болгону айтылууда
Билдирмеге караганда, мылтыкчан эки адам окуя болгон жерге автоунаа менен келип, мечиттен чыгып бараткандарды аткылаган.

Натыйжада кеминде сегиз адам жабыркаган, алардын арасында жети жаштагы бала бар. Ал эми кол салгандар качып кетүүгө үлгүргөн.

Катталган окуяны полиция теракт деп эсептеген жок. Алардын маалыматы боюнча бул жаштар арасында чыккан чыр-чатакка байланыштуу болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0