Британияда автобус сүзгөн кишинин туруп кафеге кирип кеткен видеосу тарады

Жазылуу
Бир нече метрге чейин сүйрөлүп барган жабырлануучу автобус токтогондон кийин туруп, эч нерсе болбогондой жанында турган кафеге кирип кеткен.

Американка запрыгнула на капот машины, чтобы помешать угонщику - Sputnik Кыргызстан
Америкалык кыз унаасын уурулардан капотко жабышып жатып алып калды
Улуу Британиянын Рединг шаарында автобустун кырсыктаган учуру видео камерага түшүп интернетке чыкты. Бул тууралуу РИА Новости The Guardian басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Видеодон катуу ылдамдыкта келген автобус тротуарда бара жаткан кишини сүзүп кеткенин көрүүгө болот. Аны бир нече метрге чейин сүйрөп барган, ага карабай ал кайра туруп, кагынып-силкинип жанындагы кафеге кирип кеткен.

КЫрсыктан жабыркаган 51 жаштагы британиялык Саймон Смит оор жаракат албаганын, болгону сүрүлгөндө денеси сыйрылып кеткенин The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0