Орландодогу атышууда көп киши каза болгону айтылууда

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын полиция кызматкерлери. Архив
АКШнын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда окуя болгон жерде тийиштүү кызматтын өкүлдөрү иш алып барууда.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. АКШнын Флорида штатынын Орландо шаарындагы атышуунун кесепетинен бир нече киши каза болгонун РИА Новости агенттиги Орондж-каунтинин шериф офисине таянуу менен маалымдады.

​"Шериф офисинин кызматкерлери окуя болгон жерде иштеп жатат, кырдаал көзөмөл алдында. Каза болгон бир нече киши бар. Шериф мүмкүнчүлүккө жараша акыркы маалыматтарды билдирип жатат", — деп шериф офисинин Twitter баракчасына жазылган.

​CNN теленкаланын маалыматына ылайык, атышуу шаардын тышындагы өнөр-жай аймагында болгон. Окуя болгон аймактагы көчөлөр полиция тарабынан курчоого алынган.

Кошумча маалыматтар окуя такталгандан кийин берилери да маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0