Телевизор талашкан эркектер, тепсендиде калган күзөтчү. Орозодогу бекер сатык

© AFP / SANDY HUFFAKERСупермаркеттеги кардарлар. Архив
Супермаркеттеги кардарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарда Абу-Дабидеги соода борборундагы болгон товарлардын наркын төлөп берген жаш миллиардер жарым сааттык бекер соода акциясын уюштурган. Анда келгендерге дүкөндөгү оокаттарды мүмкүнчүлүгүнө жараша жарым саатта алып кетүүгө уруксат берилген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарындагы соода борборунда "жарым саатта бекер алып кетиңиз" деп аталган акция болгон. Бул туурасында маалымат жана видео YouTube каналда жайгаштырылган. 

Бул иш-чара болжол менен 28-майда же анын эртеси болгон. Видеодон соода жайынын ичиндегилер товарларды талашып, ал тургай урушуп кеткендигин көрүүгө болот. Аялдар идиш-аяк менен косметиканы көздөй чуркаса, эркектер телевизор баштаган тиричилик техникасы турган бөлүмгө "чабуул" койгон.

Baaghi TV телеканалынын маалыматына караганда, бул орозо айынын башталышынын урматына жасалган.

Маалыматтарда аталган акцияны Абу-Дабидеги соода борборундагы болгон товарлардын наркын төлөп берген жаш миллиардер уюштурган. Анда келгендерге дүкөндөгү оокаттарды мүмкүнчүлүгүнө жараша жарым саатта алып кетүүгө уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0