БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Австралиялык балыкчылар крокодилге тийишип, ага жем болуп кала жаздашты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Кунунарра шаарынын жанындагы Орд дарыясынын боюнда болгон.
Балык кармап жүргөн кишилер жээкте жаткан крокодилге кайырмагы менен тийишкен. Жырткыч шарт бурулуп, кайыкты көздөй сүзүп жөнөгөн.
Бактыга жараша кайыктын мотору болгондуктан балыкчылар жырткычка жеткирбей узап кетишкен.