Франциялык аял энесинин пенсиясын алуу үчүн анын сөөгүн 7 жыл жерге берген эмес

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүФранциянын полиция кызмтакерелри. Архив
Франциянын полиция кызмтакерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын энеси 2010-жылы 83 жаш курагында каза болгон. Бирок анын сөөгү бүгүнкү күнгө чейин жерге берилген эмес.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Франциянын түштүк батышындагы Аквитания аймагынын жашоочусу жети жыл мурда көз жумган энесинин сөөгүн жерге берген эмес. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери каза болгон аялдын документтеринен күмөн жараткан жагдайлар пайда болгондо гана иликтөө иштерин баштаган. 50 жаштагы аял суракка чакырылганда ал энеси 2010-жылы 83 жаш курагында каза болгонун билдирген.

"Аял энесинин сөөгүн муздаткыч камерада сактап келген. Ал энесинин өлгөндүгү тууралуу эч кандай документ берген эмес", — деп полициядан билдиришти.

Учурда тергөө иштери кемпирдин эмнеден каза болгонун аныктап жатат. Маалыматка караганда, маркумдун бир айлык пенсиясы эки миң еврого жакын болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0