Кытай хирургдары ашказаны менен боору жабышып калган эгиздерге операция жасады

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация по удалению злокачественной опухоли
Операция по удалению злокачественной опухоли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Операция бир саатка созулган. Дагы бир сааттык убакыт жаракаттарды тигүүгө кеткен.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Кытай хирургдары үч айлык сиам эгиздеринин бириккен денесин ийгиликтүү түрдө ажыратышканын Shaghai Daily агенттиги жазып чыкты.

Новорожденный ребенок - Sputnik Кыргызстан
Индияда эки баштуу ымыркай төрөлдү
Маалыматка караганда, операция Шанхайда дүйшөмбү күнү жасалган.

Эгиз кыздар 9-февралда, жарык дүйнөгө келишкен. Алар ушул күнгө чейин интенсивдик терапия бөлүмүндө болушкан. Дарыгерлер эгиздердин боору менен ашказаны жармашып калганын аныкташкан.

Операция бир саатка созулган. Дагы бир сааттык убакыт жаракаттарды тигүүгө кеткен. Дарыгерлердин айтымында, кыздардын келечеги алдыда.

Жаңылыктар түрмөгү
0