Буэнос-Айрестеги аянтка Россиянын аты коюлат

© AFP / FRANCK FIFEВид на стадион "Эль Монументаль" в Буэнос-Айресе
Вид на стадион Эль Монументаль в Буэнос-Айресе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбооруна ылайык, Россиянын аты ыйгарылчу аянт Буэнос-Айрестин чок ортосунда жайгашкан.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Аргентинанын борбору Буэнос-Айрестеги аянтка Россиянын аты ыйгарылат. Бул тууралуу мыйзам долбоору жактырылганын аталган шаардын мыйзам чыгаруу палатасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду элге 226 миллион долларлык насыя берди
Мыйзам долбооруна ылайык, Россиянын аты ыйгарылчу аянт Буэнос-Айрестин чок ортосунда жайгашып, эл көп барган Бельграно районуна карайт.

Белгилей кетсек, аталган демилге беш жыл мурун эле көтөрүлгөн. Бирок иш жүзүнө эми гана ашып отурат.

Аргентиндагы россиялыктардын бирикмесинин жетекчиси Сильвана Ярмолюктун айтымында, бул кадам Россияга болгон сыйды көрсөтүп, эки өлкөнүн мамилесин жакшыртат.

Жаңылыктар түрмөгү
0