Укмуш! Атасы жаңы төрөлгөн кызын 15 секундда уктатып койду

Жазылуу
Мантра добушунун арты менен ымыркайдын ыйлаганы басылып, уктап калган учуру видеого түшүп калган.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. АКШнын Калифорния штатынын тургуну Дэниэл Эйзенман тибеттин мантрасы менен жаңы төрөлгөн кызын бир нече секундда уктатып койгон.

Атасы ыйлап жаткан кызын "ом-м-м" деп мантра үнү менен сооротуп жаткан видеону Facebook социалдык түйүнүндө бир нече миллиондогон колдонуучу көргөн.

Кийинчерээк Дэниэл биринчи видео кокустан болбогонун тастыктап, дагы бирди салган. Анда дагы ымыркай "өзгөчө" үндүн артынан тез эле уктап калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0