Окумуштуулар желим жеген көпөлөк курттун түрүн табышты

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКурт. Архив
Курт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөчүлөр бул ачылышты патенттен өткөрүштү.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар желим жеген күбөнүн личинкалары бар экенин аныкташканын BBC телеканалы маалымдады. 

Кембридж университетинин изилдөөчүлөрү жаңы табылган курт аарынын уюгундагы момду жегендей эле желимди дагы жеп жок кыларын аныкташкан.

Окумуштуулардын эсеби боюнча желим баштыктар жана таңгак чыгаруу үчүн жер шарында жылына 80 миллион тонна полиэтилен өндүрүлөт. Алар жүздөгөн жылдар аралыгында чирийт. Ал эми жаңы табылган курттар желим баштыктарды бир сааттын ичинде эле жеп жок кылат.

"Жаңы табылган көпөлөк курт желим баштыктарды жок кылууда маанилүү роль ойнойт. Эми биз анын техникалык жагын карап чыгып, полиэтиленди жок кылуунун жолун сунуштайбыз", — деген пикирин изилдөөгө катышкан биохимик Паоло Бомбелли билдирген.

Бомбелли жана Испаниянын Улуттук изилдөө кеңешинин окумуштуусу Федерика Берточчини өз ачылышын патенттешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0