Түркияда соодагер куралчан кишиден помидор менен коргонуп аман калды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСельскохозяйственная ярмарка в Великом Новгороде
Сельскохозяйственная ярмарка в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Түркиянын Шанлыурфа шаарында күркөнүн соодагери ага кол салган куралчан кишиден помидор менен коргонуп, дүкөндөн кубалап чыкты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. Кол салуу учуру видеокамерага түшүп калган.

Куралданган киши жашылча саткан соодагерди атып салам деп коркутуп, мылтык кезеген. Бирок соодагер коркпостон жанындагы помидор менен аны чапкылап кубалаган. Мындайды күтпөгөн кылмышкер бир нече жолу ок чыгарып окуя болгон жерден качып кеткен.

"Ал капысынан эле маңдайыман чыга калды. Мага мылтык кезегенде автоматтык түрдө жанымдагы помидор менен чапсам көзүнө тийди. Дендароо болуп туруп калды да, ойду келди ок чыгара баштады", — деп Мехмет Тосун окуянын чоо- жайын айтып берген.

Маалым болгондой кылмышка шектелген жаран сатуучунун мурдагы күйөө баласы экени аныкталды. Учурда полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0