ТИМ: Египеттеги жардыруудан кыргызстандыктар жапа чеккен жок

© AFP / STRINGERСерия взрывов в церквях в Египте
Серия взрывов в церквях в Египте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчилиги Египеттеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен такай байланышып турат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Египеттин Танта жана Александрия шаарларындагы чиркөөдө болгон жардыруудан каза болгондор менен жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Грузовой автомобиль въехал в толпу в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Стокгольмдогу терактыга шектелип Өзбекстандын жараны кармалды
Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчилиги Египеттеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен такай байланышып турат.

Жекшемби күнү болгон жардыруудан кеминде эле 50 киши каза болгон. Өлкөнүн президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жардыруудан кийин чек аралардагы көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берген. Ондогон адам өмүрүн алган бул жардырууну Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык уюмдар менен башка мамлекеттин башчылары катуу сынга алды. Жардырууну уюштурганын "Ислам мамлекети" террордук тобу мойнуна алганын жергиликтүү ЖМКлар билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0