Индиялык диктор жолдошунун өлгөндүгү тууралуу жаңылыкты түз эфирден окуду

© AFP / JOEL SAGETСтудия новостного телеканала
Студия новостного телеканала - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суприт Каур суук кабарды укса дагы, эфирди үзгүлтүккө учуратпай, аягына чейин чыгарды.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Индиянын IBC24 телеканалынын Суприт Каур аттуу диктору өзүнүн жолдошу каза болгон жол кырсыгы жөнүндөгү кабарды түз эфирден окугандыгын The Times of India сайтына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Түз эфир маалында студияга чукул кабар келип түшкөн. Бирок маалыматты телефон аркылуу жеринен берип жаткан кабарчы каза болгондордун атын атаган эмес.

Макалада жазылгандай, 28 жаштагы диктор сөз анын жолдошу тууралуу болуп жатканын кырсык болгон жер жана унаанын үлгүсүн укканда эле түшүнгөн. Бирок кабарларды аягына чейин окуп, өзүн жоготкон эмес.

Эфир бүтөрү менен Каур кабарчыга телефон чалып, диктордун жолдошу каза болгонун тастыктаган.

"Суприттикиндей абалга туш келүүдөн кудай сактасын. Ал эмоцияга алдырбай, эфирди аягына чыгара алды", — деди кесиптештеринин бири.

Ошондой эле диктордун кесиптештери Каурдун өз ишине болгон берилүүсүн баалап, аны менен сыймыктанышарын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0