Москвада поезд менен электричка кагылышты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМосква шаарында электричка менен поезд кагылышты
Москва шаарында электричка менен поезд кагылышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан эч ким оор жаракат алган эмес.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Москва шаарында электричка менен поезд кагылышты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя жекшембиге караган түнү болгон.

"Москва — Усово каттамы менен бара жаткан электричка алдынан адам чыкканда чукул токтоого аракет кылган. Ушул учурда тормозу кармабай, артка жылып жөнөгөн. Машинисттин электричканы токтотуу аракетинен майнап чыкпай, Москва – Брест каттамы менен жүрчү №3 поездди сүзгөн", — деп жазылат маалыматта.

Кырсыктан эч ким оор жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0