Германия: 30 миңге чукул күрддөр Эрдоганга каршы нааразылыкка чыкты

© REUTERS / FABRIZIO BENSCHГерманиянын полиция кызматкерлери. Архив
Германиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчөгө чыккан күрддөр Европанын Түркияга экономикалык санкция киргизип коюуга чакырды.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Германиянын Франкфурт шаарында 30 миңге чукул күрддөр Режеп Тайип Эрдоганга каршы нааразылыкка чыкты. Бул туурасында

РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып билдирди. 

Агенттик демонстранттар Түркияда 16-апрелде боло турган референдумга алып чыгылган конституциялык реформалар боюнча каршы болушту. Андан сырткары Өжаланга (Түркияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстандын жумушчулар партиясынын лидери) эркиндик берүүнү да талап кылышты.

"Европалыктар биздин үндү угуп, кыйналган абалыбызды түшүнүп, жардам берет деп ишенебиз. Баарынын жакшысы Түркияга экономикалык санкция киргизип коюу болот эле", — деп айткан Рейтерге көчөгө чыккандардын бири.

Мындай иш-чарага Түрк бийлиги өзүнүн реакциясын билдирди. Өкмөт Twitter баракчасына нааразылыкка чыккандарды сындаган билдирүүнү жайгаштырган.

Волейбол. Отборочный турнир к Олимпийский играм 2016. Женщины. Матч Турция - Нидерланды - Sputnik Кыргызстан
Эки айдан кийин Түркияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтөт
Күрдстандын жумушчулар партиясы — Түркияда күрддөрдүн автономиялык аймагын түзүү жана алардын укугун коргоо боюнча түзүлгөн партия. Түркиядагы Күрдстандын жумушчулар партиясынына аталган өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Анкара менен Вашингтон аны террордук уюм деп эсептейт. Аталган партиянын лидери Абдулла Өжаланды сот өмүр бою эркинен ажыратып, 1999-жылдан бери абакта кармап келет.

Расмий Анкара 2015-жылы июль айында Түркияда күрддөрдүн аталган партиясына каршы масштабдуу операция баштаган. Булар менен кагылышууда Түркиянын 700гө чукул аскерлери менен полиция кызматкерлери каза болгон деп айтылып келет. Аталган мамлекеттин Башкы штабы бул мезгил ичинде 7 миңге чукул козголоңчулары жок кылынгандыгын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0