АКШ баштаган үч мамлекет Түндүк Кореяны кантип ооздуктоону сүйлөштү

© AP Photo / Wong Maye-EБаллистическая ракета KN-08 Северной Кореи напоказе в Пхеньяне. Архивное фото
Баллистическая ракета KN-08 Северной Кореи напоказе в Пхеньяне. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамдепартамент кеп санкция же башка чектөөлөр боюнча экендигин так айткан жок.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү өзөктүк куралдарды сыноосу менен башкаларды тынчсыздандырып жаткан Түндүк Кореянын аскердик программаларын кантип чектөө туурасында сүйлөштү. Бул боюнча АКШнын мамдепартаменти биргелешкен билдирүү тараткандыгын РИА Новости кабарлады. 

Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде аталган жолугушуу дүйшөмбү күнү Вашингтон шаарында өткөн.

"Расмий өкүлдөр улуттук деңгээлде Түндүк Кореянын куралдануу боюнча программасынын финансылык булактарын чектөө мүмкүнчүлүктөрүн да карашты. Мында өзгөчө алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө басым жасалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамдепартамент кеп санкция же башка чектөөлөр боюнча экендигин так айткан жок.

Сүйлөшкөн тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясынын алкагында өздөрүнүн милдеттерин да баса белгилешти. Анда өзөктүк куралдар жана ракеталык программаларды өнүктүрүүгө кошумча чектөөлөр каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0