Айтылуу футболчу Пеленин уулу 13 жылга эркинен ажыратылды

© AFP / MAURICIO DE SOUZAЛегендарлуу бразилиялык футболчу Пеле уулу Эдсон Шолби Насименту менен. Архив
Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле уулу Эдсон Шолби Насименту менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү сот акыркы бүтүмүн чыгарып, Эдиньону күнөөлүү деп тапты. Бирок жаза мөөнөтүн 12 жыл 10 айга чейин кыскарткан.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеленин уулу Эдсон Шолби Насименту 13 жылдык жаза мөөнөтүн өтөө үчүн полицияга келгенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

Пеле Samsung компаниясынан 30 млн. доллар өндүрүү үчүн сотко берди
Эскерте кетсек, 2014-жылы сот Пеленин баласын баңгизат соодасынан түшкөн акчаны адалдоого аракеттенген деген кине менен 33 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. Бирок чечимге макул болбогон Эдиньонун арызы аппеляциялык сотто каралып, айыпталуучу ушу кезге чейин ээн-эркин эле жүргөн.

Бейшемби күнү сот акыркы бүтүмүн чыгарып, Эдиньону күнөөлүү деп тапты. Бирок жаза мөөнөтүн 12 жыл 10 айга чейин кыскарткан.

Жума күнү 46 жаштагы Эдиньо Сантос шаарындагы полиция бөлүмүнө келди. 2005-жылдан тарта иликтенип жаткан ишке айыпкер тиешеси жок экенин айтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0