Түндүк Корея АКШ мамилесин өзгөртпөсө, өзөктүк куралын күчөтөрүн айтты

© REUTERS / KCNAСеверокорейский лидер Ким Чен Ын
Северокорейский лидер Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Корея АКШ тараптан коркунуч жаралып жатканын айтып, БУУнун коопсуздук кеңешинин санкцияларына барабай, өзөктүк жана рекеталык программаларын күчөтүп келет.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Түндүк Корея АКШны Пхеньянга карата мамилесин өзгөртүүгө чакырып, болбосо өзөктүк куралын күчөтүүгө аргасыз болорун өлкөнүн "Нодон синмун" деп аталган партиялык гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.

"АКШ бизге карата мамилесин өзгөртүп, кооптондурган чууларын токтотмоюнча биз өзүбүздүн коргонуу жаатыбызды, өзгөчө өзөктүк куралдарыбызды күчтөндүрө беребиз", — дешти Түндүк Кореянын Эмгек партиясынан.

"Нодон синмун" гезитинде айтылгандай АКШ жакшылап ойлонуп туруп, анан гана стратегиясын аныкташы керек. Бул кошмо шаттардын өзүнө гана пайдалуу.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Трамп АКШдагы кайсы ЖМКлар "ушакчы" экенин билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүүдө
Түндүк Кореянын жетекчилиги көптөн бери менен Америка менен мамилени жакшыртуу максатында эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишим түзүүнү каалап жүрөт. Бирок Вашингтон бул маселени талкуулоого дагы макулдугун бербей келет.

АКШ Корей жарым аралынын түштүгүндө 28 миңден ашуун жоокерди кармап турат. Ошондой эле "түндүктөн" сокуу болсо сактануу үчүн Сеулга коргонуу каражаттарын берип келет.

Ал эми Корея АКШ тараптан коркунуч жаралып жатканын айтып, БУУнун коопсуздук кеңешинин санкцияларына барабай, өзөктүк жана рекеталык программаларын күчөтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0