17:36 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Афганистандын мамлекеттик желеги. Архив

Афганистан менен ЕБ өнөктөштүк жана кызматташуу келишимине кол койду

© AFP 2019 / MARTY MELVILLE
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
3302

Саясий маселелер боюнча диалог түзүү жана адам укуктарын коргоо келишимдин негизинде негизги өзөгүн түзөрү айтылат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Европа биримдиги менен Афганистан Ислам республикасы өнөктөштүк жана өнүгүү багытында кызматташуу келишимине кол койгонун РИА Новости ЕБдин маалымат кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Түзүлгөн келишимге ылайык Афганстандын ар тараптуу өнүгүүсүнө жол ачылып, адам потенциалын кеңейтүү, коррупцияга каршы туруу, мамлекеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту орнотуу, ошондой эле миграциялык жактан кызматташуу макулдашылганы айтылат.

Өз кезегиндеАфганистандын каржы министри Еклиль Хакими Европа биримдиги менен болгон өнөктөштүк келишими өлкө үчүн маанилүү экенин белгилеген.

Билдирмеде ЕБ менен Афганистан саясий маселелер боюнча диалог түзүү, адам укуктары, анын ичинде аялдардын жана балдардын укугун коргоо келишимдин негизги өзөгүн түзөрү айтылат.

Тема боюнча

Атамбаев Айтматов боюнча архивдик материал берген археологго боз үй белек кылды
Бердымухамедов Түркмөнстандын президенти болуп кайра шайланды
Белгилер:
макулдашуу, кызматташтык, Афганистан

ЭҢ МААНИЛҮҮ