Германия терроризмге шектелгендерге электрондук билерик тагат

© Sputnik / Сергей Строителев / Медиабанкка өтүүГерманиянын полиция кызматкерлери. Архив
Германиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай ыкманы Германия бийлиги федералдык кылмыш полициясы жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен ишке ашырганы жатат.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Германия оор кылмыш жасоого шектелген адамдардын колуна электрондук билерик тагууну көздөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, мындай ыкманы Германия бийлиги федералдык кылмыш полициясы жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен ишке ашырганы жатат.

"Билериктер оор кылмыш жасоого шектелген жарандарга тагылат. Себеби мындай адамдар кийин теракт жасап жибериши мүмкүн. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр ИИМ жана Юстиция министрлиги менен макулдашылган", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, узаган жылдын 19-декабрында Берлиндеги Рождество базарын жүк ташуучу унаа аралап кеткен. Натыйжада 12 адам каза таап, 48 жаран ооруканага жеткирилген. Германия бийлиги бул окуяны теракт деп сыпаттап, мындай окуяларды алдын алуу үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизилери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0