БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп башкы прокурордун милдетин аткаруучу, юстиция министри Салли Йейтсти иммиграция боюнча жарлыкты аткаруудан баш тартканы үчүн кызматтан алды. Бул тууралуу РИА Новости Ак үйгө шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Эми ведомствону Виргиния штатынын Чыгыш округу боюнча прокурору Дана Боенте жетектемей болду.
"Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Салли Йейтс АКШны коргоого багытталган мыйзамдуу буйрукту аткаруудан баш тартып, Юстиция министрлигин сатып кетти", — деп Ак үй тараткан маалыматта жазылган.
Ак үйдүн администрациясы Йейтс мурдагы президент Барак Обаманын командасында иштегенин баса белгилеген.
Ал эми Трамп АКШны коргоо боюнча маселеге олуттуу көңүл бурууга убакыт келип жеткенин белгилеген.
Боенте Юстиция министрлигин башкы прокурорлукка Жефф Сешнстин талапкерлиги каралганча жетектемей болду.
Буга чейин башкы прокурордун милдетин аткаруучу Салли Йейтс Юстиция министрлигинин юристтерине сотто Трамптын иммиграция боюнча жарлыгын колдоого албоо буйругун берген.
"Жаңы жарлык мыйзамдуу экенин мага эч ким далилдеп бере элек", — деп Йейтс чиновниктерге багытталган Меморандумга жазган.
Дональд Трамптын иммиграция боюнча жарлыгы радикалдык исламчылардан арылуу үчүн аларды АКШга киргизбөөгө багытталган. Документ качкындарды кабыл алууга тыюу салат. Бул жарлык айрыкча Сирия, Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен жарандарына тиешелүү.