Аскерлер Мосулдун көп бөлүгүн террорчулардан бошотту

© REUTERS / Goran TomasevicОперация по освобождению Мосула на севере Ирака
Операция по освобождению Мосула на севере Ирака - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мосулду террорчулар 2014-жылы курчап алган. Аны согушкерлерден бошотуу аракеттери 17-октябрдан бери уланууда.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Ирак аскерлери Мосулду жана Найнава провинциясына кирген аймактардын көп бөлүгүн "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлеринен бошотушту. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Ирактын тышкы иштер министри Ибрагим аль-Джаафари билдирген.

"56 райондун ичинен 40ы бошотулду. Калган 16 районду куткаруу үчүн аракеттер башталды. "Ислам мамлекети" ири финансылык колдоого ээ. Анын артында өкмөт жана бюджети турат. Ирак армиясы бул нерселерди эске алып, душмандын күчүн кетирүүгө аракет кылууда", — деген ирактык атка минер.

Ситуация сирийской провинции Алеппо - Sputnik Кыргызстан
Алеппо беш жылдан соң толугу менен террорчулардан тазаланды
Аль-Джаафари ирак бийлиги террордук уюмду жакынкы үч айда иштен чыгарууга аракет кыларын белгиледи.

Мосулду террорчулар 2014-жылы курчап алган. Аны согушкерлерден бошотуу аракеттери 17-октябрдан бери уланууда. Ага күрд күчтөрү, ирак аскерлери жана АКШ башында турган эл аралык коалициянын аба күчтөрү катышып жатат.

Учурда шаардын түндүк жана чыгыш тарабынан аскерлер жана антитеррордук бөлүмдөр, түштүгүндө Ирак федералдык полиция тобу күрөшүүдө. Ал эми шиит кошууну согушкерлерден Талль-Афар шаарын тазалоого аракет кылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0