Россиянын Ту-154 учагы кантип кыйраганын күбө айтып берди

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүПоисково-спасательные работы у побережья Черного моря, где потерпел крушение самолет Минобороны РФ Ту-154.
Поисково-спасательные работы у побережья Черного моря, где потерпел крушение самолет Минобороны РФ Ту-154. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-декабрда Москвадан Сирияга учуп чыккан Ту-154 учагы Кара деңизге кулап түшкөн. Ичиндеги 92 кишинин бири да аман калган эмес.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Федералдык коопсуздук кызматынын чек арачысы Ту-154 учагынын кыйрашына күбө болгонун билдирип, окуя кандай болгонун айтып бергенин РИА Новости агенттиги "Коммерсантъ" басылмасына шилтеме берүү менен маалымдады.

Кара деңизге Ту-154 учагынын кулашына байланыштуу Россиянын Бишкектеги элчилигинин имаратына шаар тургундары гүл алып келип жатат - Sputnik Кыргызстан
Учак кырсыгына байланыштуу Россиянын Бишкектеги элчилигине эл гүл алып келүүдө
Чек арачы Кара деңизде катер менен жүргөн. Анын айтымында, учак асманга көтөрүлбөстөн деңизге жакындап сууга конууга аракет кылгандай болгон. Андан кийин сууга куйругу менен тийип, соккудан улам чачырап кеткен. Ал ошондой эле Ту-154 учагы "бир дөңгөлөгүнө турган мотоциклди элестеткенин" күбө кошумчалаган.

Эске салсак, 25-декабрда Москвадан Сирияга учуп чыккан Ту-154 учагы Кара деңизге кулап түшкөн. Ичиндеги 92 кишинин бири да аман калган эмес.

Кырсыктын себеби катары азырынча анын кыймылдаткычына башка нерселердин урунушу, сапатсыз май, учкучтун катачылыгы жана учактын техникалык мүчүлүктүк айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0