Бразилиялык футболчулар менен кыйраган учактагы 59 адамдын өздүгү аныкталды

© REUTERS / JAIME SALDARRIAGAКолумбияда кырсыкка кабылган учактагы 59 адамдын өздүгү такталды
Колумбияда кырсыкка кабылган учактагы 59 адамдын өздүгү такталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан алты жаран тирүү калган. Алардын үчөө бразилиялык футболчулар экени белгилүү болгон.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Колумбияда кырсыкка кабылган учактагы 59 адамдын өздүгү такталгандыгы тууралуу РИА Новости Колумбиянын соттук медициналык институтунун директору Карлос Вальдесге шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Эске салсак, учактын ичинде бразилиялык "Шапекоэнсе" футбол командасынын оюнчулары да болгон. Алар Колумбиянын Медельин шаарындагы футбол турнирине катышканы бара жаткан. Акыркы маалыматтарга караганда учактын күйүүчү майы түгөнүп калып кырсыктаган. 

Вальдестин айтымында, каза болгондордун 52си бразилиялыктар, ал эми бешөө боливиялыктар. Мындан тышкары, Парагвай менен Венесуэланын бирден жарандары бар экени маалым болгон. 

"Маркумдардын денелери изилдөөгө алынгандан кийин жакындарына жакынкы аралыкта өткөрүлүп берилет", — деп билдирген Вальдес. 

Бортто 77 адам болгон. Алардын 68и жүргүнчү, тогузу экипаждын мүчөсү экени маалымдалган. Учурда тирүү калгандардын саны алтоо. Жалпы 71 адам көз жумган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0