Түркияда төңкөрүш иши менен дагы 37 миң адам камакка алынды

© REUTERS / Baz RatnerПоследствия попытки военного переворота в Турции
Последствия попытки военного переворота в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлендин уюмуна тиешеси бар деп жалпысынан 92 607 адамга карата иликтөө иштери жүрүп, анын ичинен 36 951 киши камалды.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Анкара өлкөдөгү төңкөрүш кылуу аракетине тиешеси бар деп эсептеген оппозициядагы диний аалым Фетхуллах Гүлендин уюмуна (FETO) тиешеси бар деп күнөөлөнгөн 36 951 адамды камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

"FETO уюмуна тиешеси бар деп жалпысынан 92 607 адамга карата иликтөө иштери жүрүп, анын ичинен 36 951 киши камалды", — деп билдирди Түркиянын юстиция министри Боздагдын сөзүнө таянган NTV телеканалы.

Түркияда оппозициячыл диний аалым Фетхуллах Гүлендин асылган кукласы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда "гүленчи" делген дагы 10 миң кызматкер жумуштан айдалды
Ушул жылдын 16-июлунда көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылыктар Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, 2 миңден ашык адам жаракат алган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Ал эми диний аалым өзү көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0