17:37 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8467
  • EUR77.4635
  • RUB1.0911
Ачкычтар. Архивдик сүрөт

Индиялык магнат кол астындагыларга 7,7 млн. долларлык белектерди ыйгарды

© Sputnik / Александр Кряжев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
15520

Индияда "Дивали" салттуу майрамы өтүп жатат. Бул күндөрү жумуш берүүчүлөр кол алдында иштегендерге белек ыйгарышат. "Бриллиант падышасы" жумушчуларын сүйүнтөйүн деп чечкен.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. "Дивали" салттуу майрамына карата индиялык бизнесмен Савджи Дхолакия 1700 кызматкерине 1200 унаа менен 400 батир белек кылган. Бул тууралуу CNN Money телеканалы кабарлады.

Мындай белектерге мыкты жыйынтык көрсөткөн кызматкерлер татыктуу болушкан. Телеканалдын маалыматына караганда белектердин жалпы баасы 7,7 миллион долларга жетет. 

Индиялык магнат мекенинде "кең пейил жетекчи" катары таанымал. Анын компаниясы бриллианттарды дүйнөнүн 70 мамлекетине экспорттойт. Дхолакия кол астындагы кызматкерлерди биринчи жолу сүйүндүрүп жаткан жок. Бизнесмен 2014-жылы эң мыкты делген 1200 кызматкерге 200 батир, 400 унаа жана 500 ювелирдик жасалгаларды белек кылган. 

Дивали майрамы жарык караңгыны, жакшылык жамандыкты жеңген күн катары эсептелип, Индиядагы ири фестиваль катары таанымал. Бул күнү жумуш берүүчүлөр кызматкерлерине белек ыйгарышат.

Тема боюнча

Индиядагы таштанды өрттөгөн жайлар дүйнөдөгү эң уулуу жер деп табылды
Белгилер:
бизнесмен, жумушчу, майрам, Индия

ЭҢ МААНИЛҮҮ