19:44 19 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8489
  • EUR75.4648
  • RUB1.0967
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
589 0 0

Портал кемпир турмушка чыгуу боюнча сунуштан бир нече ирет баш тарткандыгын, бирок ашыгы ага карабай колун сурай бергендигин жазган.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кытайда кылым жашаган, тагыраагы 114 жашка чыккан кемпир 71 жаштагы абышкага турмушка чыкты. Бул туурасында РИА Новости Sina агенттигине шилтеме кылып маалымат берди. 

Жаш үй-бүлөнүн никелешүү салтанаты Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу облусунун Кашкар округундагы Бачу уездинде болду. 

Күйөө бала сүйүктүүсүн баш кошууга бир жылдан бери көндүрүп келе жаткандыгын билдирген. Абышка анын сезимин биринчи иретте кемпирдин жасаган тамактары ойготкондугун, кийинчерээк "ал жакшы адам" экендигин байкагандыгын айткан.

Портал кемпир турмушка чыгуу боюнча сунуштан бир нече ирет баш тарткандыгын, бирок ашыгы ага карабай колун сурай бергендигин жазган. Акырында абышка кылым жашаган кемпирди баш кошууга көндүрүп, никесин Кашкардын Бачу уездинде каттаткан. 

Тема боюнча

Индиялык жубайлар 90 метр бийиктикте нике кыйдырышты
Казакстандык жигит үйлөнүү той өткөрүү үчүн банкты тоноого барган
Белгилер:
нике, абышка, кемпир, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ