Биринчи ирет нокаутка түшкөн шотландиялык мушкер өзүнө келе албай көз жумду

CC BY 2.0 / M&R Glasgow / Boxing glovesБокс кол байпактары. Архивдик сүрөт
Бокс кол байпактары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25 жаштагы Тоуэлл өмүрүндөгү акыркы беттешин Дэйл Эванс менен өткөрүп, бешинчи раундда каттуу соккудан эс-учун жоготкон.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын чемпиондугуна ат салышып жаткан шотландиялык мушкер Майк Тоуэлл беттеш учурунда нокаутка түшүп, андан ары өзүнө келе албай бул дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралу РИА Новости The Guardian басылмасына таянуу менен жазып чыкты.

25 жаштагы Тоуэлл өмүрүндөгү акыркы беттешин Дэйл Эванс менен өткөрүп, бешинчи раундда каттуу соккудан эс учун жоготкон.

​Спортчунун реанимацияда 12 саат жатып, тилекке каршы, өзүнө келе алган эмес.

Майк Тоуэлл профессионалдык бокста 11 беттешти жеңип, бирөөсүндө тең чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0