ЖМК: Азербайжанда 119 жаштагы тургун референдумда добуш берди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАзербайжандагы шайлоонун архивдик сүрөтү
Азербайжандагы шайлоонун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. 119 жаштагы Нубах Гасанова Сабирабад шаарында добуш берди.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Азербайжандын 1897-жылкы жашоочусу дүйшөмбү күнү Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда добуш бергенин АПА агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Добуш берип жаткан шайлоочулардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрда өткөрүү сунушталды
Жалпы элдик шайлоого президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга чейин узартуу, вице-президенттик кызматты киргизүү, президенттикке жана депутаттыкка талапкерлердин жаш курагын чектөөнү алып салуу боюнча өзгөртүүлөр добушка коюлган.

БШКнын маалыматы боюнча өлкөдө 5,6 миң шайлоо участкалары ачылып, алар 8.00дөн 19.00гө чейин иштейт. Ал эми 119 жаштагы Нубах Гасанова Сабирабад шаарында добуш берген. Мындан тышкары, Гаджигабул шаарында 100дөн ашкан 9 шайлоочу бар экени белгиленет. Эң кары жашоочу Пулла Ражабова 114 жашта. 

Өлкөдө 80 жаштан 100гө чейин тургандарданы саны 786 адамга жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0