АКШда 70 жаштагы киши аялынан кутулуш үчүн банкка уурулукка кирген

© REUTERS / Shannon StapletonЖабуу лентасы. Архив
Жабуу лентасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот Рипл аялына кат жазып, аны менен калгандан көрө абакты артык көрөрүн билдиргенин ачыкка чыгарды.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Америкалык 70 жаштагы киши аялынан кутулуш үчүн Канзастагы банкка ууруга кирген. Бул жөнүндө РИА Новости Kansas City Star гезитине шилтеме кылып жазды.  

Акча жана бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында акча алмаштыруу жайын тоноп кетишти
Ал киши банкты урушуп кеткен аялынан кутулуш үчүн жасагандыгын айтып берген. Лоуренс Жон Риппл өткөн жума күнү банкка келип, кассирге "куралым бар, мага акча бергиле" деген кагазды сунган. Кызматкер анын айтканын аткарып, акчаны баштыкка салып карматкандан кийин, киши кетип калбай, вестибюлда отура берген. Бир нече убакыт өткөндөн кийин жакындап келген күзөтчүгө издеген кишиси ал экенин айткан. 

Жетип келген полиция кызматкерлери тигинин колун кайрып, салып кетишкен. Сотто Риппл аялы менен урушуп кеткендигин, банкты тоноо үчүн кассирге талабын аялынын көзүнчө жазгандыгын айтып берген. 

"Рипл аялына кат жазып, аны менен калгандан көрө абакты артык көрөрүн билдирген", — деп айтылат соттун документинде.

Билип туруп уурулукка барган кишинин соту кечээ болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0