Москва Афганистандагы "Талибан" менен "Ислам мамлекетинин" ынтымагына түйшөлүүдө

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бири-бири менен кырды бычак болгон талиптер менен "Ислам мамлекетинин" бир канатынын жарашуусу олуттуу кооптуулукту жаратууда.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Москва Афганистандагы "Талибан" кыймылы менен "Ислам мамлекети" террордук уюму өз ара бир пикирге келди деген маалыматтарга тынчсызданып жатканын Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарова билдирген. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

"Афганистанда экстремисттик ишкердүүлүк аймагынын кеңейип бара жатышы, буга чейин бири-бири менен кырды бычак болгон талиптер менен "Ислам мамлекетинин" бир канатынын жарашуусу олуттуу кооптуулукту жаратууда. Афганистандагы коомдук-саясий абалдын курчушуна азыркы президент Гани менен премьер-министр Абдулланын ортосундагы мамиле себепкер болушу мүмкүн ", — деп айткан ал брифингде.

Афган аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афган аскерлери бир сутка ичинде 90 согушкерди жок кылды
Анын пикиринде Москва Афганистанда абал начарлап жатат деп эсептейт. Өзгөчө түйшөлдүргөнү — аймагынын 90 пайызга жакынын талиптер көзөмөлгө алып турган Гильменд провинциясындагы жагдай. Андан сырткары, чыгыш жана түндүк провинцияларга талиптер улам-улам сокку уруусун токтотпой жатат. 

Акыркы убакта Афганистанда кырдаал бир топ начарлап кетти. Буга чейин өлкөнүн элет жеринин көп бөлүгүн ээлеп алган "Талибан" кыймылы учурда ири шаарларга басым жасап жатат. Мындан тышкары, мамлекетке "Ислам мамлекети" террористтик тобунун таасири да жайылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0